Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» аталышта Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Нооруз майрамына карата уюштурулган сынак үчүн 14 казан сүмөлөк кайнатылып, 3 казан көжө бышырылды. Мындан тышкары, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү өтүп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлду.
Салтанаттуу майрамдын жүрүшүндө жергиликтүү жетекчилер жашоочуларга майрамдык куттуктоолорун жолдошту. Ошондой эле, Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору, Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин эмгек жамааты, Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борбору, шайыр апалар элдик топтору жана бир катар эстрада ырчылары тарабынан чоң программадагы концерт тартууланды.
Салтанаттын соңунда сынактын жеңүүчүлөрүнө жана сынакка жигердүү катышкандарга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.