Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында кайрадан калыбына келтирилип жаткан сейил бак да кымбат бааланып калган объектилердин катарын кирди. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, сейил бак Курулуш министрлигинин карамагына алынды. Бул объект боюнча да иш жүрүп жатат.
«Бул сейил бак боюнча да мыйзам бузуучулуктар көп. Сейил бактарга алынган жабдууларда кымбат алынып келинген. Долбооруна жараша кандай иштер жүргөнү боюнча да карап жатабыз», - деди министр.
Багыш айыл аймагынын Октябрь айылындагы Тукубай Тайгараев атындагы сейил бактын жалпы аянты 2 гектарга жетет. Союз тарагандан кийин кароосуз калып, ичиндеги оюн аянтчалары эскирген.
Курулуш иштерин 2026-жылдын март-апрель айларына чейин толук бүткөрүү пландалган. Сейил бактан сырткары катар жол жээгине кошумча сквер куруу мерчемделген.
Turmush 2025-жылдын октябрь айында Октябрь айылындагы Тукубай Тайгараев атындагы паркында оңдоо иштери жүрүп жатканын жазган.
Айыл өкмөт башчы Нурсултан Түгөйбеков сейил бакты жаңылоо үчүн 85 млн сом акча бөлүнүп, жумуштар аткарылып жатканын айткан.
«Эс алуу багынын жалпы аянты 1 гектар 80 сотыхты түзөт. Союз мезгили тарагандан кийин бул жай кароосуз калып, ичиндеги курулуштар да эскирген. Азыркы тапта парктын реконструкциялоо жумуштары башталды. Ушул тапта куурап, кулап калуу коркунучунда турган бак-дарактар тазаланып, эски бетон тосмолору алынып, кинотеатрдын имаратынын курулушу башталууда. Аны менен бирге парктын жанына соода кылып келген 4 дүкөндүн курулушу парктын аймагына жана тратуарга чыгып кеткени аныкталып, алар толугу менен буздурулду», - деген ал.
2025-жылдын 1-сентябрда ошол учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы социалдык объектилердин абалы менен таанышып, андагы маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмаларды берген болчу.