Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыгына кабылган унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя 15-мартка караган түнү болгон.
Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2026-жылдын 15-мартында саат 01:30 чамасында Каракол шаарындагы Кыдыр аке көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Түштүк багытты көздөй келе жаткан «Audi 100» үлгүсүндөгү жеңил унаа алдыда бара жаткан «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаанын арткы бөлүгүн сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаа өрттөнүп кеткен. Окуядан жабыркагандар жок. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.