Turmush — Мамиржан Кадиров Ош облусунун Араван районуна караштуу С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.
Араван районунун акиминин биринчи орун басары Бактыбек Маматазимов Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, Мамиржан Кадиров буга чейин Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан. Ал 2026-жылдын 12-мартында ротация аркылуу С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.
Учурда Достук айыл өкмөтүнө жаңы башчы дайындала элек.