Turmush — Ош облусунун Алай районунда айыл башчы жарандан опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 5-ноябрь күнү Алай РИИБге Ош облустук прокуратурасынан опузалап талап кылуу боюнча материал келип түшкөн. Анда 1958-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандан Алай районунун айылдарынын биринин башчысы — 1969-жылы туулган Т.К. аттуу жаран 1,0 га болгон чөп чабынды багытындагы жер тилкесин талашып, аны иштетүүгө ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, 65 миң сом акча опузалап талап кылып келгендиги белгиленген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө аракеттери башталган.
Алай РИИБдин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 2026-жылдын 9-март күнү Алай районунун айылдарынын биринин башчысы — 1969-жылы туулган Т.К. аттуу жаран опузалап талап кылган акчанын 60 миң сомун алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда ыкчам тергөө амалдары уланууда.