Turmush — Ош облусунун Алай районуна караштуу Памир-Алай айыл аймагында тоют базасын түзүү иштери башталды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.
Анын айтымында, Сары-Таш айылында узундугу 8,11 км, 5 млн 425 миң 700 сомдук сугат каналы «Алай райондук суу чарба башкармалыгы» мамлекеттик мекемесине өткөрүлүп берилди. Эми 1000 гектар кайракы жерге суу чыгарып, тоют базасын түзүү иштери башталды.
Учурда тургундарга жер тилкелерин бөлүп берүү иштери жүргүзүлүүдө.