Turmush — Ош облусунун 5 аймагында таза суу объектилеринин курулушу бүтүп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Дамир Калыкбердиев билдирди.
Таза суу объектилери:
- Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында таза суу объектиси бар. Курулуш иштери 2019-жылы башталган. Тендердик баасы — 41 млн 370 миң сом. Учурда 95%ы курулуш иштери бүттү.
- Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы Правда тилкесинде таза суу объектиси бар. Тендердик баасы — 11 млн 813 миң сом.
- Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Таш-Арык айылында таза суу объектиси бар. Тендердик баасы — 17 млн 142 миң сом. Курулушунун 99%ы бүткөн.
- Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылында да таза суу объектиси пайдаланууга берилүү алдында турат. Тендердик баасы — 34 млн 976 миң сом.
- Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон айылында таза суу объектиси бар. Тендердик баасы — 18 млн 838 миң сом.