Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуАлай району 29.07.2019 11:53 На русском

Алайда жол тандабас жүк ташуучу унаанын чиркегичин сүзүп, 61 жаштагы жүргүнчү мерт кетти (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда жол кырсыгы катталып, 61 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

27-июль күнү кечки саат 21:30 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 4-чакырымында, тактап айтканда Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүндө Кара-Суу районунун 1954-жылы туулган тургуну М.А. өзүнүн «Лексус RХ-300» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан. Жолдун четиндеги көмүр жүктөлүп турган оор жүк ташуучу унаанын чиркегичин сүзүп, анын кесепетинен «Лексус» унаасынын жүргүнчүсү — Ноокат районунун 1958-жылы туулган тургуну О.Ж. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу Алай аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда аталган факт боюнча Алай РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×