Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуАлай району 24.07.2019 17:33 На русском

Кара-Киндик жайлоосунда 17 жаштагы өспүрүм инилеринин көзүнчө сууга чөгүп кетти (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Киндик жайлоосунун Талдык-Кара-Суу тилкесиндеги көлмөгө 17 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти. Анын денесин куткаруучулар кечээ, 23-июль күнү таап, ата-энесине өткөрүп беришкен. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуя 22-июль күнү болгон. Ал эми маркумдун денеси кечээ, 23-июлда жерге берилген.

Маалыматка караганда, 17 жаштагы өспүрүм жайлоого ата-энеси менен барган. Ал мөңгүнүн суусунан топтолгон көлмөгө түшкөнү кеткен. Жанында 9-класста окуган жана болжол менен 8 жаштагы эки иниси болгон.

Маркум быйыл 10-классты аяктаган.

Буга чейин Turmush басылмасы каза болгон бала К. уулу М. экенин жазган. Аны издөө иштерине өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар өспүрүмдүн денесин 23-июль күнү саат 09:10 чамасында табышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×