Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 25.05.2019 12:30

Алайдын Жаңы-Арык айылында 10 жылдыктар арка куруп, 1 км жолго түнкү чырактарды коюп беришти

Turmush -  Кечээ, 24-май күнү Алай районунун Жаңы-Арык айылындагы Ибрагим Умаров мектебин 10 жыл мурун бүтүргөн классташтар жасаган арканын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Бекзат Зарипбек уулу билдирди.

«Арканы жасоого 150 миң сом акча сарпталган. Мындан сырткары бүтүрүүчүлөр 1 чакырым аралыкка түнкү чырактарды да орнотуп беришкен. Ага 25 миң акча каражатын сарпташты», - деди ал.

Ал эми аталган айылдын 20 жылдыкка чогулган бүтүрүүчүлөрү сугат суу чыгаруу үчүн 50 миң сом жумшаган.

Ошол эле айылда өткөн жылы дагы 10 жылдыкка чогулган бүтүрүүчүлөр 2 чакырым аралыкка түнкү чырактарды орнотуп беришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×