Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуАлай району 23.05.2019 12:25 На русском

Алайда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр унаа жолдун 5 чакырымын жарыктандырышты (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Алай районуна караштуу Согонду айылынын №33 Саарбан Жаанбаева атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү шаан-шөкөттүн ордуна эл аралык маанидеги Ош—Эркеч-Там—Сары-Таш унаа жолунун 95-100-чакырымдарын жарыктандырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Демилгени бүтүрүүчүлөр өздөрү көтөрүп, жаштарга үлгү болуу максатында жана жүргүнчүлөрдүн, тургундардын коопсуздугу үчүн жалпысынан 5 чакырым жолду жарыктандырышкан.

Бүтүрүүчүлөрдүн бири Мамбеталы Барымбаев Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата өлкөгө салым кошуу максатында аталган демилгени көтөрүшүп, аны бардык 20 жылдык бүтүрүүчү достору колдошконун билдирди.

«Биз мектепти 1999-жылы аяктаганбыз. 20дан ашуун классташтар ушул демилгени көтөрдүк. Жумуштарды 2 айдын ичинде бүтүрдүк. Каражатты ар бирибиз алыбыздын келишинче чогултуп, мамыларды өзүбүз орноттук. Анткени арабызда колунан көөрү төгүлгөн уста, ширетүүчүлөр бар. Мындан ары дагы бүтүрүүчүлөр ушундай иштерди жасашса, келечекте Ош—Сары-Таш унаа жолу толугу менен жарыктандырылып, кырсыктар азаймак», - дейт Мамбеталы Барымбаев.

Жарыктандыруу иштерине 1 млн сомго жакын каражат жумшалган. 20 жылдык бүтүрүүчүлөр жолдун четинде жаңы орнотулган мамыларды айыл өкмөттүн балансына өткөрүп беришкен.

Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Матановдун айтымында, айыл өкмөттө 3 орто мектеп жана 1 башталгыч мектеп бар.

«Биздин айыл өкмөттөгү 3 мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү өзгөчө иштерди жасап жатышат. Мурдаш айылындагы А.Жээнбеков мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү кооптуу аймактарга эскертүү белгилерин орнотуп беришкен. Ал эми Күң-Элек айылындагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылына таза суу чыгаруу үчүн долбоор жазууга каражат топтоп беришти», - деди Н.Матанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×