Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 20.05.2019 09:45

Алайдын Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө 11 депутат шайланды

Turmush -  Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп, 11 депутат шайланды. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын Алай районундагы өкүлү Мамыт Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, шайлоого жалпы 28 талапкер катышкан.

«Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө эки округдан 28 талапкер катышты. Биринчи округдан 8 мандат үчүн 21 талапкер ат салышса, экинчи округдан 3 мандат үчүн 7 талапкер ат салышты. Жыйынтыгында эң көп добуш топтогон 11 депутат тандалып алынды», - деди М.Молдобаев.

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө буга чейинки жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү бүткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×