Turmush — Ош облусунун Алай районундагы мектептеги окуя боюнча териштирүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Таиров билдирди.
Анын айтымында, Жибек-Жолу айыл аймагынын Мурдаш айылындагы №34 А.Жээнбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2026-жылдын 22-апрелинде болуп өткөн окуя боюнча социалдык тармактарда жарыяланган материалдарды жеринде териштирүү боюнча Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн 2026-жылдын 23-апрелиндеги буйругу чыгарылып, жеринде териштирүү жүргүзүлдү.
Териштирүүгө Алай райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун адиси О.Маманов, Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Табдиев, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Таиров, Алай райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Алымбек Бурканбай уулу, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Төлөгөн Бекмамат уулу, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Мураз Бактыбек уулу катышты.
Тешкерүү №34 А.Жээнбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдер жамааты жана 9-10-класстын окуучуларынын ата-энелеринин катышуусунда жүргүзүлдү.
Териштирүүдө 2026-жылдын 21-апрель күнү кечинде (кечки саат 20-21лер чамасында) 9-10-класстардын окуучуларынын айыл сыртында чогулуп, пикир келишпестиктерин чечүү максатында жолугушуу өткөргөндүгү тууралуу маалыматтын негизинде аталган мектептин 4 мугалими алдын алуу максатында барып, окуучуларды үйлөрүнө таратып жибергендиги аныкталды.
10-класстын окуучуларын таратууда 2 тартип бузуучу окуучуга мугалимдер тарабынан эскертүү берилип, ар түрдүү терс көрүнүштөрдөн сактануу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Окуядан кийин эртеси окуучунун дене жаракаттары менен ата-энеси 22-апрель күнү мектепке келишкен учурда жогорудагы окуя болгондугу аныкталган.
Окуянын жыйынтыгы боюнча териштирүү жыйынтыгында №34 А.Жээнбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери жана ата-энелер менен пикир келишпестиктер жакшы жагына чечилип, бири-биринен кечирим сурашкан. 9-10-класстардын класс жетекчилерине, предметтик мугалимдерине эскертүү берүү тапшырмасы мектеп директору Н.Мамановго милдеттендирилди.
Мектептин 9-10-класстарынын окуучулары, ата-энелери, мектептин педагогикалык жамаатына тартип бузуучулукка барбоо жана алдын алуу иш-чараларын күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Буга чейин Ош ОИИБ Мурдаш айылынын А.Жээнбеков атындагы орто мектебиндеги окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирген.
- Социалдык тармактарга аталган мектептин чоң класстагы окуучулары өздөрүнөн кичине класстардагы окуучуларга салык салганы, мугалимдер аларды тартипке чакырып, андан кийин чоң класстын окуучулары апаларын чакырып, алар чыр салганы жөнүндөгү видео тараган.
Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы 10-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн деген факты чындыкка дал келбей турганын кабарлады. 16-апрель күнү Алай районундагы орто мектептердин биринде спорттук иш-чарага байланыштуу мугалим менен окуучулардын ата-энелеринин ортосунда пикир келишпестиктер жаралган. Бул факты боюнча 20-апрель күнү милиция кызматкерлери жерине барып, текшерген учурда окуяга катышуучулар эч кимдин эч кандай арыз-доосу жок экендигин билдиришкен.
Учурда бул факты боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.