Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунда мал ооруларынын алдын алуу боюнча эмдөө иштери жүрүп жатат.
Ат-Башы райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы Торогелди Тынымсеитов Turmush басылмасына берген комментарийинде райондо мал ооруларынын алдын алуу максатында жыл сайын атайын план бекитиле турганын билдирди. Анын айтымында, бул план райондук администрация жана айыл өкмөттөрү менен макулдашылып түзүлөт.
«Жыл сайын мал ооруларынын алдын алуу боюнча пландарды түзүп, айыл өкмөттөр менен биргеликте бекитебиз. Ошол пландын негизинде учурда кой-эчкилерди кыргын жана күл ылаңы ооруларына каршы массалык эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат», - деди ал.
Адистин белгилешинче, мындай профилактикалык чаралар малдын жугуштуу ооруларын алдын алууда жана мал чарбасын туруктуу өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт.
-
Кыргын оорусу — бул айыл чарба малдарынын (бодо мал, кой-эчки) тез арада массалык түрдө өлүмүнө алып келген жугуштуу ооруларынын жалпы аталышы. Аларга кара сан, шарп, кутурма сыяктуу оорулар кирет.
-
Күл ылаңы (чечек) — кой-эчкилердин арасында тез тараган, өлүмгө алып келүүчү жугуштуу вирустук оору.