Turmush — Каракол шаарында 20-марттагы Айт намазы 14 мечитте окулат. Бул тууралуу Каракол шаарынын имамы Рустам Ыбыкеев билдирди.
Маалыматка караганда, Айт намазы белгиленген тартип менен өтөт. Саат 07:30–08:00дө Куран окулуп, 08:00-08:25те диний баяндар айтылат. 08:25-08:30да намаздын тартиби боюнча түшүндүрүү берилип, 08:30-08:50дө Айт намазы окулат.
Шаар тургундары Айт намазын төмөнкү мечиттерде окуй алышат:
1. Ибрахим ажы мечити;
2. Филали мечити;
3. Мухтарулло мечити;
4. Али мечити;
5. Абу Бакр Сыддык мечити;
6. Билал мечити;
7. Имин мечити;
8. Соно ата мечити;
9. Таква мечити;
10. Ажы Акбар мечити;
11. Ташкыя Ибрагим мечити;
12. Кудайберген мечити;
13. Ахмедкалый мечити;
14. Тойгонбай ажы мечити.