Turmush — Нарын шаарында быйыл Нооруз майрамы республикалык деңгээлде белгиленип, президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нарын шаарынын борбордук аянтына жети боз үй тигилип, боз үй, улуттук тамак-аштар, көл өнөрчүлөрдүн сынактары өтөт. Бул үчүн мамлекет тарабынан 700 миң сомдук акчалай байгелер коюлууда.
Ошондой эле сүмөлөк даярдоо боюнча сынакка демөөрчүлөр тарабынан байгелер ыйгарылат. Салтанатка келген конокторго кыргыздын каада-салттары көрсөтүлүп, эл арасында улуттук спорттук оюндар өткөрүлөт. Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын күндүзгү концерттик программасы тартууланып, кечкисин гала-концерт жана фейерверк менен жыйынтыкталат.
2025-жылы президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Ноорузга арналган иш-чарага катышкан.