Turmush — 33 жаштагы Эльмира Төрөкелди кызы эки жолу эгиз төрөп, 6 баланын апасы болду. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жашоосу тууралуу айтып берди.
Эльмира Төрөкелди кызы 1992-жылы 18-августта Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Чак айылында туулган. Учурда үй-бүлөсү менен Сокулук районундагы Кожомкул айылында жашайт. Жолдошу үйдүн улуу уулу болгондуктан бөлүнүп чыгып, өз алдынча жашап жатышат.
Эльмира айым учурда эне катары эң чоң милдетин аткарып, уул-кыздарына татыктуу тарбия берүү менен алек. Алардын үй-бүлөсүндө 6 бала бар: 5 кыз жана 1 уул. Эң кызыгы — алардын төртөө эгиз.
Алгачкы эгиз кыздары Айжанат менен Нуржанат 2020-жылдын 2-апрелинде дүйнө жүзүндө коронавирус боюнча карантин күчөп, адамдар үйдөн чыга албай турган мезгилде төрөлгөн.
«Эгиз деп укканда өзгөчө бактылуу болгонбуз. Анткени бала кезимден эгиз кыздарды абдан жакшы көрчүмүн. Айылымда эгиз эжелер бар болчу. Алардын чогуу мектепке барып, чогуу жүргөнүн көрүп суктанчумун. Ошондуктан эгиз төрөй турганымды укканда баарына сүйүнчүлөгөнбүз», - дейт ал.
Анын айтымында, кийинчерээк дагы бир жолу кош бойлуу болгондо дарыгерлер кайрадан эгиз экенин айтышкан. Бул жаңылык ата-энени бир аз таң калтырганы менен кийин чоң кубанычка айланган.
«Эгиз экенин укканда алгач шок болуп калдык. Биринчи эгиздерди чоңойткондо уйкусуз түндөр көп болгон. Ошолор эске түшүп кетти. Жолдошума айтсам, "кантип эле ошондой болсун?" деп таң калган. Үйгө жеткенде гана кубандык. Бирок ичим чоңойгончо эч кимге айткан эмеспиз», - деди ал.
Экинчи эгиздер — Нурия жана Нуржигит 2025-жылдын 19-июнунда төрөлгөн. Учурда алар 9 айлык болуп, жөрмөлөп, ата-энесинин «шаштысын алып» жаткан кези.
Эгиздер жакшы салмак менен төрөлгөн. Айжанат менен Нуржанат 3 кг 500 гр жана 3 кг 400 гр болуп, аралыгы 10 мүнөт менен төрөлгөн. Ал эми Нурия менен Нуржигит 3 кг жана 2 кг 900 гр салмакта, 7 мүнөт айырма менен жарык дүйнөгө келишкен. Кыздардын аттарын чоң энеси койгон. Ал эми кичүү эгиздердин атын ата-энеси өздөрү тандаган.
«Кызым Нуриянын атын "Барселона" футбол клубунун оюнчусунун жубайы Нурия Куниллеранын [испаниялык журналист, футболчу Хави Эрнандестин жубайы] атынан койгом. Уулумдун атын баарыбыз тааныган Нуржигит Кадырбековдун атынан билимдүү, ыймандуу жигит болсун деген ниет менен койдук», - дейт ал.
Каарманыбыздын айтымында, алгачкы эгиз кыздары бири-бирине окшош болгону менен айырмалоого болот. Биринин өңү ак, экинчиси кара тору. Мүнөздөрү да ар башка: бири ачык-айрым болсо, экинчиси жакын көргөн адамдары менен гана баарлашат.
Эгиз балдарды чоңойтуп жаткан үй-бүлөдө кызыктуу окуялар да көп болот.
«Бир жолу кыздар ооруп, ооруканага алып баргам. Бала ооруганда эненин мээси иштебей калат эмеспи. Коляска менен бирден алып кирип жаткам. Көрсө, бир кызымды эки жолу дарыгерге көрсөтүп, экинчисине эч нерсе кылбай үйгө алып келиптирмин. Үйгө келгенде кийимдеринен байкап калдым», - деп күлүп эскерет ал.
Учурда эгиз кыздары бала бакчага барышат жана быйыл мектеп босогосун аттаганы турушат. Үйдө болсо апасына жардам берип, кичинекей бөбөктөрүн кезектешип карашат.
«Эгиздер абдан дилгир жана кыраакы болушат. Конокко барганда же сыналгыдан жакшы адамдарды көрүп калса, үйгө келгенде ошолорду айтып, "мен ошондой болом" дешет. Азыркы балдардын кыялы да чоң. 5 жашында эле "Америкада окуйм, ойлоп табуучу болом" деп айтышат», - деди ал.
Эльмира айым эгиз балдарды тарбиялоо чоң чыдамкайлыкты талап кыларын белгиледи.
«Эгизди жараткан чыдамкай, кайраттуу энелерге берет деп ойлойм. Курсакта көтөрүп жүрүү, уйкусуз түндөр, бири ооруса экинчиси да ооруйт. Ошонун баарына чыдаш үчүн Аллах күч-кубат да берет. Бул — жараткандын керемети. Ошондуктан ар дайым шүгүр кылып жашайбыз», - дейт ал.