Turmush — Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер, дарыгерлерден кырсыктарды каттабоону суранганыңарды токтоткула. Чыныгы абал көрүнүшү керек. Мындай билдирүүнү Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Зулпукар уулу Замирбек координациялык кеңеште баяндама жасап жатып айтты.
Ал облуста катталган кылмыштуулук боюнча маалымат берип жатып, өткөн жылы катталган жол кырсыктарына да токтолду. Маалым болгондой, былтыр облуста 742 жол кырсыгы катталып, 177 жаран каза болгон. Ал эми 1000ден ашуун адам ар кандай жаракаттарды алган.
«Дагы бир маселе — кээ бир учурларда кылмыш жөнүндө билдирүүлөр менен арыздар өз убагында катталбай калууда. Каттоодон баш тартуу, жаап-жашырууга аракет кылуу фактылары бар. Мисалы, 2026-жылдын 2-январында Токтогул районуна караштуу Толук айылынын тургуну ошол эле айылда чана тээп жүргөн 7-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок аймактык ыкчам өкүл бул фактыны ошол күнү дароо каттоого албастан, бала реанимацияга түшкөндөн кийин гана каттаган.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге айтарым: ооруканага барып, дарыгерлерден “каттабай эле койгула” деп суранганыңарды токтоткула. Айрыкча жетекчилик тарабынан мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керек. Реалдуу картина көрүнүшү зарыл», — деди ал.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев прокуратура өкүлүнүн айткандарына байланыштуу Жалал-Абад ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчилигине кайрылды.
«Жол кырсыктарынан 177 жаран каза болуптур. Бул — баарыбызды ойлондурган көрсөткүч. Анан эмне себептен кызматкерлер дарыгерлерге кырсыкты каттатпоого аракет кылышат? Ушул суроого жооп бериңизчи», — деди ал.
Жалал-Абад ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Манас Сыдыгалиев айтылган сындарды толугу менен четке каккан жок.
«Андай болушу мүмкүн. Жол кырсыгы көбөйгөн сайын жол көзөмөлдөө кызматкерлерине чара көрүлөт. Ошол себептен ушундай көрүнүштөр болуп жаткан болушу мүмкүн. Бул багытта иш алып барабыз», — деди ал.
Баяндамачы ошондой эле кылмыштарды жашыруу фактыларына дагы токтолду. Ал Сузак районуна караштуу Таран-Базар айылынын тургундары бир топ мал жоготууга учураганына карабастан, бул фактылар катталбай келгенин мисал келтирди.
Координациялык кеңеште белгилүү болгондой, өткөн жылы укук коргоо органдары тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыштар тууралуу 25 миң 677 арыз жана билдирүү түшкөн. Анын ичинен 3229 учур боюнча кылмыш иши козголгон, ал эми 18 миңден ашуун учур боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. 2024-жылга салыштырмалуу 2725 фактыга көп катталып, кылмыштуулук өскөн.