Turmush — Мира Эмилбекова Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кочкорбаев айыл аймагындагы Кеңеш айылындагы №2 китепкананын жетекчиси болуп иштейт. Ал убагында жаңы басылган китеп 1 баш уйга бааланганына таң калганын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Мира Эмилбекова 1961-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылында төрөлгөн. 1979-1984-жылдары В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда орус тил филологиясы факультетинде окуган.
«Жолдошум Сыргак Осмонов экөөбүз 1 уул, 2 кыздуу болдук. Тилекке каршы жолдошум 2019-жылы каза болуп калган. Уул-кыздарымдын баары жогорку билимдүү. Жолдошумдун атасы Темир Осмонов, апасы Токуш Салтыкова Кеңеш айылына чоң салым кошкон, белгилүү инсандар экен. Биз алар менен сыймыктанып, суктанабыз.
Эмгек стажым 46 жыл. "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алгам. Ал эми китепкана тармагына 2016-жылы келдим. Анткени бул китепкана жолдошумдун апасынын атынан коюлган. Ушул китепканабызды уратпай, үзүлтпөй, ар кыл кызыктуу иш-чараларды өкөрүп келе жатам. Китепканага адамдарды кызыктыруу, тартуу боюнча үймө-үй кыдырып, "Шайыр апалар" тобун түздүк. Бул топ түзүлгөнүнө быйыл 7 жылга кетти. Айылыбыздан чыккан белгилүү акын Көкүл Жаманкулов агайыбыздын ырларын жана кыргыз акындардын ырларын, мекенибизди, жерибизди даңктап ырдап, жакшы маанай тартуулап жатабыз.
Негизи жашообузда китепкана жана андагы китептер өтө маанилүү. Китепсиз, билимсиз адам баласынын келечеги караңгы. Бирок, тилекке каршы китепканага келип, китепти сүйүп окугандардын саны аз», - деди ал.
Каарманыбыз эсинде калган окуяны айтып берди.
«Китепти аябай сыйлайм. Кайын атам каза болгон кезде Жумагул Сооданбеков үйгө келип калды. Ал кезде Казакстанда элчи болуп дайындалган учуру болчу [1998-2001-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген]. Бул киши бизге куда болуп кетет. Ошондо үйдө турган китептерди кызыгып карап, кыргыз тилинде бир китептин жаңы басылмасы чыкканын көрүп калды. Ал китептин 1-тому эле болчу. Ал киши менден "Бул китепти бер, мен силерге 1 уй берем. Эгер 2-томун дагы таап берсең, 2 уй берем" деди. Китепти ушундай баалаган кишилер бар экен деп таң калганбыз.
Балдарга азыр китеп сыйлаган адамдардын келечеги жакшы болоорун айтып келем. Келечекте оорубай-сыктабай, кызыктуу жашоо өткөргүм келет. Шайыр апалар менен ырдаганды үйрөндүм. Эми комуз черткенди үйрөнгүм келет. Студент кезимде "Олимпиада 80" арналган иш-чарага Кыргызстандын атынан катышкам. Саякаттагым келет. Тигүү машинасы менен тиккенди жакшы көрөм. Жаш акындардын ырларын угуп, окуп, кызыгам. Кыргыз тилин тереңирээк үйрөнүүгө далалат кылып келем. Анткени мен орус тил филологияны бүткөм. Орус тили менен салыштырып, кыргыз тилинин сулуулугуна, байлыгына баа берем», - деди ал.