Turmush — Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда IT багытында билим алып жаткан студенттер Алай районунда болушту.
Окуу жайдын маалыматына караганда, алар Алар райондогу мектептердин, бала бакчалардын жана айыл тургундарынын компьютерлерин оңдоп-түзөп, программалык жабдууларды орнотуу боюнча практикага чыгышкан. Практиканттар элет мектептеринде мастер-класстарды уюштуруп, мугалимдердин компьютерде иштөө боюнча билимин жакшыртууга жардам беришүүдө.
Институттун директору Бектур Азимов баштаган кафедра башчылар, окутуучулар да студенттер менен бирге барып, өз билимдери менен бөлүштү.
«Бул долбоор ОшМУнун ректорунун демилгеси менен алгачкы жолу ишке ашырылып жатат. Мындан ары да бул иш-аракетти башка райондорго да жайылтылтуу пландалууда. Университеттин 3-миссиясынын алкагында региондор менен университеттин байланышын күчөтүү, студенттердин алган билимин практикада колдонуу, үйрөнүп жатып үйрөтүү, тажрыйба алуу максатын көздөп ишке ашууда. Студенттер алган билимдерин практикада колдонуп, коомго пайдалуу болуу менен өз билимдерин да бекемдеп жатышат», - дейт Бектур Азимов.
Учурда Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда 4000ге чукул студент билим алат.