Turmush — Алайдын жогорку зонасы болгон Памир-Алай айыл аймагы райондун борборунан 104 чакырым алыс аралыкта жайгашкан. Шарты катаал, климаты оор аймакта элет эли үчүн жыл ичинде жакшы шарттар түзүлдү.
Памир-Алай айыл өкмөтүн жыл башынан бери Кутманали Анарбаев жетектеп келет. Ал жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу айтып берди.
Айыл аймакта жолдор оңдолуп, иш орундар түзүлдү. Кытай Эл Республикасы менен келишим түзүлүп, Достук көпүрөсү, 4 тилкелүү жол курулууга жетишилди.

2024-жылдын 29-декабрында айыл аймактарды жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында Сары-Могол, Талды-Суу, Сары-Таш айыл өкмөттөрү биригип, Памир-Алай айыл өкмөтү болуп түзүлгөн.

Памир-Алай айыл өкмөтү деңиз деңгээлинен 2940-3700 метр бийиктикте, административдик имараты райондун борборунан 104 чакырым алыс аралыкта жайгашкан. Ал эми облустун борборунан 184 чакырым алыстыкта турат.
Жалпы аянты 371 миң 461 гектарды түзөт. Памир-Алай айыл аймагынын курамына Сары-Могол, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Таш, Нура айылдары, Көк- Суу, Эркештам участкалары кирет.
-
Калкынын саны — 11 миң 488 адам.
-
Кожолуктардын саны — 2041.
-
Ички инвестициянын көлөмү — 13 млн 912 миң сом
-
Сырткы инвестициянын көлөмү — 21 млн 398 миң сом.
-
Кытай Эл Республикасынан «Эркеч-Там» өткөрмө пунктуна курулган Достук көпүрөсүнө жана төрт тилкелүү жолго салынган инвестициянын көлөмү — 1млрд 470 млн сом.
-
Жалпы инвестиция көлөмү — 1 млрд 505 млн 310 миң сом.
Памир-Алай өкмөтү боюнча 1317 турак жай камсыздандырыла турган болсо, бүгүнкү күндө 568 турак жай камсыздандырылып, пайызга алганда 43,1%ды түздү. Мындан сырткары айыл өкмөткө караштуу 4 имарат жана 4 кызматтык автоунаа камсыздандыруудан өткөрүлдү.
«Жашыл мурас» акциясынын алкагында Памир-Алай айыл өкмөтү боюнча 200 даана ийне жалбырактуу Тянь-Шань карагай көчөттөрү эгилди. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен Ош облустук токой чарбасы менен келишим түзүлүп, 215 миң сом акча каражаты которулуп берилди.
Социалдык объекттер:
Сары-Таш айылындагы №15 «Алтын-Бешик Жибек жолу» балдар бакчасынын имаратынын сырты жылууланып, декаративдүү шыбак шыбалып сырдалды жана от казаны алмаштырылды. Жалпы сметалык баасы 1 млн 455 миң сомду түзүп, курулуш иштерин «Нурпласт» ЖЧКсы жүргүздү.
Нура айылындагы №40 Ы.Мону атындагы орто мектептин спорт залы оңдоп- түзөөгө муктаж болгондугуна байланыштуу жана Нура айылынын жаштарынын кайрылуусунун негизинде толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жылытуу системалары алмаштырылды. Курулуш иштерин «Амозон Групп» ЖЧКсы бүтүрүп, пайдаланууга берилди. Сметалык баасы —4 млн 398 миң 220 сом. Каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен болду.
№ 40 Ы.Мону атындагы орто мектебинин жылытуу системасы оңдолду. 100 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.
Сары-Могол айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрү үчүн CASA 1000 аркылуу долбоордун алкагында 7 млн 449 миң сом акча каржаты бөлүнүп, ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 млн 246 миң сом акча каражаты каралып, мамлекттик сатып алуулар порталына тендерге берилген. Тендерден «Ошкооп» ЖЧКсы утуп, 3,5 айдын ичинде курулуш иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Жалпы суммасы — 10 млн 695 миң сом.
Талды-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрү үчүн CASA 1000 аркылуу долбоордун алкагында 5 млн 500 миң сом акча каржаты бөлүнүп, ал эми жергиликтүү бюджеттен 5 млн 535 миң сом акча каражаты каралган. Мамлекеттик сатып алуулар парталына тендерге берилип, «Кыргыз ордосу» ЖЧК курулуш компаниясы утуп, 4 айдын ичинде курулуш иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Жалпы суммасы — 11 млн 35 миң сом.
Сары-Таш айылындагы 1964-жылы курулган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрү үчүн CASA 1000 аркылуу долбоордун алкагында 7 млн 449 миң сом акча каржаты бөлүнгөн. Мамлекттик сатып алуулар порталына тендерге берилип, «Бийиктик инвест» ЖЧКсы утуп, 4 айдын ичинде курулуш иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Жалпы суммасы — 7 млн 449 миң сом.
Талды-Суу айылындагы жаштардын кайрылуусу боюнча жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында 2021-жылы жалпы сметалык баасы 23 млн 800 миң сомду түзгөн спорт комплексинин курулуш иштери башталган.
2024-жылдын 15-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 имараттын катарына кирип, президенттин катышуусунда онлайн ачылуу аземи өтүп, пайдаланууга берилди.
Республикалык бюджеттен 5 млн сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 18 млн 800 миң сом бөлүндү.
Сары-Таш айылындагы №39 К.Эсенов атындагы орто мектеби авариялык абалда болгондугуна байланыштуу жаңы 150 орундуу мектеп куруу үчүн сметалык долбоорлоо документтери даярдалып, «Капиталдык салымдар» беренесинин титулдук тизмесине киргизилген.
Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мамлекттик сатып алуулар порталына тендер жарыяланып, «Эрбол строй сервис» курулуш компаниясы жеңүүчү болуп аныкталган. 2022-жылдын сентябрь айында курулуш иштери башталган. Сметалык баасы — 86 млн 400 миң сом.
Түнкү жарыктандыруу
Памир-Алай өкмөтү боюнча 2 км 300 метр жерге түнкү чырактар орнотулду. Сметалык баасы 27 млн 467 миң 20 сомду түздү. Атап айтканда, Сары-Таш айылынга 500 метр, Сары-Могол айылына 1 км 200 метр, Нура айылына 600 метр жана айылга кире бериш жерине стела орнотулду. Ошондой эле Сары-Могол, Сары-Таш, Нура айылдарында күйбөй калган чырактар алмаштырылды.
Сары-Могол айылындагы №16 «Гүлбурак» бала бакчасынын имараты 1954-жылы курулуп, эскилиги жетип, 2013-жылы ӨКМ тарабынан авариялык абалда деген корутунду чыккан. 140 орундуу бала бакчасынын жаңы имаратын куруу үчүн сметалык долбоорлоо документациясы даярдалдып, сметалык баасы 103 млн сомду түзгөн долбоору жасалган. 2021-жылы «Капиталдык салымдар» беренесинин титулдук тизмесине киргизилип, 2022-жылы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мамлекттик сатып алуулар порталына тендер жарыяланган. «Аль-Фирдаус» ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 86 млн 969 миң 300 сом сунуштаган. Бүгүнкү күндө имараттын эки кабаты бүтүп, чатыры жабылып, электро монтаждоо иштери аткарылып, эшик-терезелери орнотулду.
Бүгүнкү күнгө чейин каржыланган акча каражаты: 2023- жылга 17 млн 440 миң 260 сом, ал эми 2024-жыл ичинде 24 млн 295 миң 434 сом, жалпы 41 млн 735 миң 694 сом. 60% пайыз жумуштар аткарылды.
2025-жылы жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү пландалууда.
Туризмге жакшы шарттарды тузүү үчүн Сары-Могол айылындагы Тулпар-Көл жайлоосуна келген чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтерге заманбап тейлөө жана кошумча акча бюджетке түшүрүү, жумуш оорундарын түзүү максатында «Боз үй» шаарчасы курулду.
2024-жылдын 15-сентябрында ачылуу аземи болду. Сметалык баасы 3 млн 500 миң сомду түзүп, Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн 650 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 850 миң сом каржыланды.
Сары-Могол айылына келген конокторго жана туристтерге жагымдуу шарт түзүү максатында 20 орундук конок үйдүн сметалык долбоорлоо иштери 2023-жылы башталган, сметалык баасы 19 млн сом болгон. Мамлекеттик сатып алуу порталына тендерге берилген. «Нурпласт» ЖЧКСы 16 млн 500 миң сомго утуп, курулуш иштери башталган. Аталган долбоор Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталып, комиссиядан колдоо таап, 12 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө курулуштун 60% пайызы аяктады.
2025-жылдын туристтик сезонунда пайдаланууга берүү пландалууда.
Сары-Таш айылындагы пайдаланылбай турган жайыт багытындагы 1 миң гектар жер аянтын райондук администрациянын колдоосу менен багыты сугат айдоого өзгөртүлдү. СССР мезгилинен бери каралбай калган бул жерге суу келе турган каналдын 8,5 чакырым аралыгы оңдоп-түзөлүп, тазалоо иштери жүргүзүп, элге суу берилди.
Муну менен катар Сары-Таш айылынын тургундарынын жерлеринин ижарага алып, Соцфондго төлөмдөрүн төгүп, пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк жаралды. Сары-Таш айылынын 232 үй-бүлөгө ар бирине 2 га жер аяттары ижарага берилип, беде, эспарцет, арпа тоют камдоо максатында айдоо алдында турушат. Бүгүнкү күндө 1000 га сугат жерлери суу чарба башкармалыгына балансына кайтарымсыз өткөрүлүп берилди.
Жолдорду оңдоп-түзөө, көпүрө салуу
Нура, Сары-Могол айылдарынын ички көчөлөрүнүн 6 чакырымына жеке ишкер тарабынан шагыл төшөлүп, оңдоодон өткөрүлдү. Техника жана күйүүчү май ишкер тарабынан каржыланды. Жалпысынан 900 миң сомдой акча каражаты жумшалды.
Тулпар-Көл, Кашка-Суу жана Арча-Булак, Бооке жайлоолорунун жолдору сүрүлүп, оңдоо иштери жүрдү. Андан сырткары Бооке жайлоосуна баруучу жолдогу Туюк суусуна узундугу 20 метрди түзгөн көпүрө курулду. Бул үчүн жайыттын эсебинен жалпы 250 миң сом акча каражаты жумшалды.
Талды-Суу айылындагы Кашка-Суу жайлоосуна барчу жолдогу сууга узундугу 6 метрди түзгөн көпүрө курулду. Ал үчүн 120 миң сом акча каражаты жумшалды. Жумушчулар жергиликтүү жарандардан тартылып, БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында долбоор өткөрүлүп, эмгек акы катары ун жана өсүмдүк майын алышты.
Билим берүү тармагы
Памир-Алай айыл аймагында 5 бала бакча жана 5 орто мектеп бар. Жыл башынан бери билим берүүгө 1 млн 358 миң 230 сом бөлүнгөн. Бул акчалар негизинен билим берүү уюмдарынын катардагы оңдоодон өткөрүү, концеляриялык жана чарбалык товарларды алуу, ар кандай зарылчылыктар үчүн бөлүнүп берилди.
Айыл аймактарды ирилештирүүдөн кийин айыл өкмөттүн бош калган имаратын максаттуу пайдануу үчүн кыска мөөнөттүү 3 саатык 2 топтон турган 50 балага ылайыкташкан бала бакча ачылды. Ал жерде 4 жумуш орду түзүлүп, 7 жашка чейинки балдар 2 мөөнөт менен тарбияланууда
Социалдык маселелер
Памир-Алай айыл аймагы боюнча жардамга өтө муктаж, орууга чалдыккан 5 жаранга айыл өкмөт тарабынан 200 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Андан сырткары майыптар күнүн өткөрүү үчүн шал оорусу (ДЦП) менен жабыркаган 9 жаранга чаң соргуч берилди. Башка мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга фонд жана айыл өкмөт тарабынан белектер таратылды. Бул үчүн айыл өкмөттөн жалпы 140 миң сом бөлүндү.
Андан сырткары айылдык ооруканада иштеп жаткан жаш дарыгерлерди колдоп, дем берүү максатында 150 миң сом акча каражаты жана 4 тонна көмүр бекер берилди.
Сары-Могол айылында аз камсыз болгон 3 үй-бүлөгө 1984-1990-1992-жылдары төрөлгөн тургундар 3 үй куруп, пайдаланууга беришти. Сары-Таш айылында 1986-жылы туулган тургундар, 20 жылдык мааракенин ээлери өздөрүнүн досуна 400 миң сомго үй алып беришти.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк програмасынын алкагында иш алынып барылууда. 2024-жылы жалпы Памир-Алай айыл өкмөтү боюнча 7 долбоор өтүп, ар кандай коомдук жумуштарга тартылган 125 жаран 3 каптан ун, 15 литрден өсүмдүк майын алышты. Жалпы 18 миң 750 кг ун, 1 млн 875 литр өсүмдүк майы келди.
Президенттин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» жарлыгынын алкагында Памир-Алай айыл өкмөтүндө бир канча маданий спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Памир-Алай айыл өкмөтү тарабынан жыл башында 1 млн 218 миң сом акча бекитилип, ар түрдүү майрамдык жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.
Алай районунун Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга акткарыла туурган жумуштары
Талды-Суу айылынын элинин эң көйгөйлүү маселеринин бири болуп таза суу көйгөйү болуп келген. Айыл өкмөтү тарабынан сметалык долбоорлоо документациясы даярдалып, сметалык баасы 87 млн сом болгон. Республикалык бюджетке кирип, калкты таза суу менен туруктуу камсыз кылуу депарменти аркылуу мамлекеттик сатып алуулар порталына тендерге 76 млн 700 миң сомго жарыяланган. Тендерден «Жолдош» ЖЧКсы жеңүүчү болуп аныкталган. 2025-жылдын жаз айларында курулуш иштерин баштоо алдында турат. Каржылоо булагы республикалык бюджет.
Нура айылынын жашоочуларынын негизги көйгөйлөрунүн бири таза суу болгон. Таза суу тартып келүүгө айыл өкмөтү тарабынан сметалык долбоорлоо документациясын даярдоо пландалып жатат. Жергиликтүү бюджеттен сметасы жасалып, курулушуна каржы булактары табылууда.
Сары-Таш жана Талды-Суу айылдарына инвесторлор тарабынан көмүрдү кайра иштетүүчү, тактап айтканда көмүрдү жууп, экологиялык жактан таза продукция өндүрүүчү фабрикасын куруу үчүн жер тилкесин берүү пландалууда. Жергиликтүү кеңештин депутаттары райондук администрациясы менен биргеликте иш алып баруу.
Сары-Таш айылындагы узуну 24 метр, туурасы 3 метр болгон 2022-жылы башталган көпүрөнүн курулуш иштерин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
Талды-Суу айылындагы узуну 54 метр, туурасы 3 метр жээкти бекемдөөчү дамбасы 200 метр болгон көпүрөнүн курулушун бүткөрүү пландалууда.
Сметалык баасы 33 млн сомдук долбоор мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыяланган. Тендерден «Ихтар» курулуш конпаниясы уткан. 2025-жылы курулуш иштерин баштап, 1-этабында жээкти бекемдөөчү дамбасын куруу, 2-этап көпүрөнү бүткөрүп, пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Каржы булагы жергиликтүү бюджеттен.
Сары-Могол айылындагы Тулпар-Көл муниципалдык туристтик боз үй шаарчасына 1 чакырым жерден таза суу тартып келүүгө сметалык долбоорлоо документациясы даярдалды. 2025-жылга каржылоо булактарын таап, тазасуу тартып келүү пландалууда.
Туристтерди тейлөөдө ынгайлуу заманбап шарттар түзүлөт.
Сары-Могол айылындагы Тулпар-Көл муниципалдык туристтик боз үй шаарчасына 4 жарым чакырым жерден электр линиясын тартып баруу, тартып келүүгө сметалык долбоорлоо документациясы даярдалды. 2025-жылга каржылоо булактарын табуу, райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунуштоо.
Туристтерге ыңгайлуу шарт түзүп, бюджеттик төгүмдөрдү көбөйтүү, жумуш орундарын түзүү пландалууда.
Сары-Таш айылына «Кыргыз Республикасынын туризимди өнүктүрүү фонду» менен биргеликте эс алуу жайын куруу, сметалык баасы 28 млн сом. Айыл өкмөт тарабынан 3 га жер бөлүнүп берилип, тиешелүү иш кагаздары берилди. «Эс алуу жайы» курулса жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болот, айыл өкмөттүн киреше булагы көбөйөт.
Сары-Могол айылындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон 3 чакырым жолго сметалык долбоорлоо документациясы даярдалды. Республикалык бюджетке титулдар тизмесине киргизип, 2025-жылга курулушун бүтүрүү мерчемделүүдө. Инфраструктурасы жакшырып, элдерге ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Арча-Булак айылынын ички көчөлөрүн жарыктандырууга 1 чакырым жерге сметалык долбоорлоо документациясын даярдап, жарыктандыруу орнотуу. Каржы булагы жергиликтүү бюджеттен.
Арча-Булак айылына таза суу тартуу үчүн сметалык долбоорлоо документациясын жасатуу жергиликтүү боюджеттен эсебинен болот.