Turmush — Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Гүлчө айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Алай районунун борбору, 18 миң калкы бар Гүлчө айылындагы таза суу түтүктөрү 1966-жылы курулуп, эскилиги жетип, жашоочуларга күнүнө 4 саат таза суу берилип келген. Мындан улам тургундар ыңгайсыздыктарга дуушар болушкан.
«Мындан ары таза суу үзгүлтүксүз берилет. Айрым гана тилкелерде суу түтүктөрү жарылып, суу толугу менен жетпей калган учурлар болуп жатат. Ал эми суу кампаларына кудуктардан суу алып, тереңден суу тартуучу 6 насос иштетилген. Бирок мезгилдин өтүшү менен алардын эскилиги жетип, бат-баттан бузулуп, оңдоп-түзөө үчүн чоң суммадагы акча каражаты талап кылган. Мындан тышкары электр энергияга да ири өлчөмдө акча төлөнүп келген. Ошондой эле суу насостору иштен чыккан убакта же суу түтүктөрү жарылганда бүтүндөй калкка таза суу берүү үзгүлтүккө учурап турган.
Жогорудагы маселени чечүү максатында Аюу-Тапан участкасындагы деңиз деңгээлинен 3001 метр бийиктикте жайгашкан Айгыр-Булак суусунан узундугу 38 км аралыкты түзгөн суу түтүкчөсү Гүлчө айылына чейин тартылып келинди.
Таза суу маселесин чечүү үчүн демөөрчүлөр аркылуу 53 млн сом сарпталып, 5 ай аралыгында иштер толугу менен бүткөрүлдү. Таза суу түтүктөрү тартылып, Жаңы-Савай участкасындагы суу кампа оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, айыл элине толугу менен таза суу берилди», - деп айтылат маалыматта.