Turmush — Ош облусунун Алай районундагы Алымбек датка сейил багында волейбол аянтчасы ачылды.
Ачылыш аземге район акими Чыңгыз Бапаев, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаев, айыл тургундары, райондогу мекеме-ишкана жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары катышты.
Аянтчанын узундугу 28 метр, туурасы 21 метрди түзөт. Буга чейин волейбол боюнча мелдештер райондогу мектептердин спорт залдарында өткөрүлүп келген.
Имараттын курулушун бүткөрүүгө райондун өнүктүрүү фондунан 3 млн 100 миң сом жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 7 млн 400 миң сом сарпталды. Курулушка жалпы 10 млн 500 миң сом жумшалды. Волейбол аянтчасы Гүлчө дарыясына жакын болгондуктан анын жылытуу системасына өзгөчө көңүл бурулду.
Алгачкы оюн район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундардан түзүлгөн командалардын ортосунда өттү.
- 2024-жылдын 20-мартына карата айыл аймакта 22 519 калк болсо, анын ичинен 4300ү жаштар.