Turmush — Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүн 2020-жылдан бери Сүйөрбек Исаев жетектеп келет.

2023-жылы Гүлчө айыл өкмөтүндөгү бир нече айыл толугу менен таза суу менен камсыз болду. Ошондой эле ички жолдор оңдолуп, парктар, жолдор түнкү жарык менен камсыздалды. Социалдык объекттердеги муктаждыктар жоюлуп, жашоочулар үчүн шарттар түзүлдү.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 2023-жылдын 12 айына карата бекитилип берилген план 61 млн 280 миң сомго белгиленсе, 2023-жылдын 11 айына карата 73 млн 469,9 миң сомго аткарылып, 119%ды түздү.
Ичүүчү таза суу жана ирригация тармагы боюнча аткарылып жаткан иштер
- Бириккен улуттар уюмунун азык түлүк программасынын алкагында калкты жакырчылыктан чыгаруу жана убактылуу жумуш орду менен камсыздоо долбоорунун негизинде Таш-Короо айылындагы Оот-Булак участкасынан Өөн тилкесине булактан 1100 м аралыкка таза суу тартылды. Жумуш ашар жолу менен аткарылып, жергиликтүү тургундар кол күч менен жасашты. Себеби бул участкага техника чыкканга мүмкүнчүлүк жок болгон. Иш аткарылып бүтүп, Өөн участкасындагы 35 кожолук таза суу менен камсыздалды. Эмгек акысына БУУдан май, ун берилип, долбоор ишке ашырылды.
- Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк программасынын алкагында калкты жакырчылыктан чыгаруу жана убактылуу жумуш орду менен камсыздоо долбоорунун негизинде Чакмак айылында Кыркоол участкасында жайгашкан булактын көзүнөн 220 0м аралыкка мал ичүүчү суу тартылды жана ноо орнотулду.
Буга чейин айыл тургундары малдарын дарыядан сугарып келишкен. Бүгүнкү күндө тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Жумуш кол күчү менен аткарылып, эмгек акысына май, ун берилди. Мындан сырткары керектүү курулуш материалдар үчүн 100 миң сом демөөрчүлөрдөн, 800 миң сом жергиликтүү бюджеттен аткарылды.
- Курманжан датка айылында калк ичүүчү таза суу тартуучу насос иштөөдөн чыгып, эски насос алынып, ордуна жаңы насос коюлуп, элге таза суу берилди. Каржылоо булагы демөөрчү.
- Гүлчө айылындагы Гүлчө паркында (райондук маданият бөлүмүнүн арт тарабында) 50мх3 кубдук суу мунарасы (водозаборная башня) куруу жумуштары жүрүп жатат. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн 922,4 миң сом каралды. Бүгүнкү күндө жумуш 30 пайызга аткарылды.
- Гүлчө айылынын башында жашаган тургундар таза сууну сугат суу катары пайдаланып келишкендиктен, ичүүчү таза суу Гүлчө айылына толук кандуу жетишсиз болуп көйгөй жаралып келген. Ошондуктан жамааттарды кыдырып, таза сууну сугат суу катары пайдаланып келген жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таза суу толук кандуу берилип келет.
- Гүлчө айылынын Ярославь көчөсүндө (эски автобаза тарапта) жайгашкан турак үйлөрдө ичүүчү таза суу көйгөйү чечилип, Жошолу бурумунда жайгашкан (Суу чарба мекемесинин) суу мунарасынан жалпы 1050 м аралыкка суу түтүгү тартылды. Бул жерде 1 билим берүү мекемеси жайгашкан жана жалпы 23 кожолук 105 калк жашайт. Жыйынтыгында жашоочулар ичүүчү таза суу менен камсыз болушту. Жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
- Чакмак айылынадагы ичүүчү таза суунун бочогу туш тарабынан тешилип, жараксыз болуп калгандыктан, ордуна жаңыдан 25 тонналык өлчөмдөгү бочка алынып келинип, бүгүнкү күндө орнотуу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Жыйынтыгында аталган айыл толугу менен ичүүчү таза суу менен камсыз болот. Жергиликтүү бюджеттен жалпы 550 миң сом каралды.
Ички жолдорду оңдоп-түзөө иштери боюнча аткарылып жаткан иштер
- Гүлчө айылынын Дубанаев көчөсүнүн абалы начар болгондуктан, (№3 бала бакча тарабы) асфальт төшөлдү. Каржылоо булагы: жергиликтүү бюджеттен 1 млн 765 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айылынын Кырк күңгөй участкасындагы Бектемиров, Умаров жана А.Жунусов көчөлөрүнүн абалы начар болгондуктан, жолдорду оңдоп-түзөө үчүн шагыл төшөө иштери аткарылды. Жалпы 3 км аралыкка. Жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
- Гүлчө айылындагы «Кара алтын» мал базарына кетүүчү жолдордун абалы начар болгондуктан, жолду оңдоп-түзөө үчүн шагыл төгүлүп, түшүрүлгөн шагыл №959 жол тейлөө мекемесинин ишканасынын техникасы менен биргеликте оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
- Таштанды таштоочу жайга кетип жаткан жолдордун абалы өтө начар болуп калгандыктан, шагыл төгүлүп, түздөө иштери аткарылды. Жергиликтүү бюджеттен аткарылды.
- Ташкороо айылында маркумдарды акыркы сапарга узатуу, жерге берүүдө көрүстөнгө бара турган жолдун абалы начар болгондуктан, жергиликтүү калк маркумду акыркы сапарга узатуу зыянатында кыйналып келишкен. Аталган көйгөй чечилип, жолго шагыл төгүлүп, түздөлдү жана жолдон агып өткөн сууга суу өтмөк (кольца) коюлду. Учурда техника жана жөө адам басууга ыңгайлуу шарт түзүлдү. Жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
- Гүлчө айылынын Алымбек датка жана Нарматов көчөлөрүндө жолдорду жамоо (ямочный) иштери аткарылды. Жергиликтүү бюджеттен 475 миң сом жумшалды.
- Жашоочулардын коопсуздугун алдын алуу максатында Алымбек датка көчөсүндөгү №5 Ак ниет балдар бакчасынын тушуна, №1 М.Адышев атындагы мектеп гимназиясынын тушуна, Нарматов көчөсүнүн Парманас орто мектебинин тушуна жана Ак бата тойканасынын тушуна жасалма дөңсөлөр (лежащий полицейский) жана жол белгилери орнотулду. Жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
- Таш короо айылынын Баз жана Көл участкаларынын алыскы жайытка жана жайлоого кетүүчү жолдорун оңдоо-түзөө иштери жүрүп, жалпы 15 км аралык иретке келтирилди.
- Гүлчө айылынын борбордук көчөсү болгон Алымбек датка көчөсүнүн №2 бала бакчадан баштап, Жошолу көпүрөсүнө чейинки аралыкка жөө жүргүнчүлөр үчүн жалпы узундугу 567 м аралыкка тротуар салынып жана лоток коюлуп жатат. Жалпы суммасы 2 млн 900 миң сом. Каржылоо булагы жергиликтүү бюджеттен каралды.
Өзгөчө кырдаал боюнча аткарылып жаткан иштер
- Гүлчө айыл аймагына караштуу Курманжан датка айылындагы 5 сел тосмо толуп калгандыктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмчөсүнүн иш мерчемине киргизилип, жыйынтыгында аталган 5 сел тосмо толугу менен тазаланып, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун алдын алуу иштери аткарылды.
- Кырк-Күңгөй участкасындагы 9 сел тосмо толуп, катуу жаан-чачын жааган мезгилде кооптуу болуп келген. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмчөсүнүн 2023-жылдагы иш мерчемине киргизилип, жыйынтыгында аталган 9 сел тосмо толугу менен тазаланды.
- 2023-жылдын 14-июнуна караган түнү Гүлчө айыл аймагынын Кара-Булак айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун жана сарайларын каптап кеткен. Тиешелүү мекемелер менен биргеликте техникалар тартылып, жеринде тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, тазалоо иштери аткарылган.
Курулуш жана оңдоо-түзөө иштери
- Гүлчө айылындагы №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын ажатканасынын эскилиги жетип, кооптуу болуп калгандыктан, мектепке жаңы ажаткана куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айылындагы авариялык абалдагы №4 балдар бакчасынын имараты толугу менен бузулуп, ордуна жаңыдан 50 орундуу бала бакчанын имаратын куруу иштери 2022-жылы башталган. Бүгүнкү күндө аталган имараттын жылытуу системасын орнотуу, терезелерин коюу иштери жүрүп жатат. Тендердик баасы 15 млн 800 миң сом болуп, жергиликтүү бюджеттен каржыланып жатат.
- Алымбек датка эс алуучу жайдын ичинде волейболдук аянтчасынын курулуш иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө кышкы мезгилге ылайыкташтырылып, жылуулоо иштери аткарылууда. Райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн 900 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 3 млн 100 миң сом бөлүнүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
- №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын кире беришине 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн атынан мектепке жөө жүргүнчүлөр үчүн асфальттан жол салынды (дорожка). Жалпы узундугу 100 метр, туурасы 4 метр.
- Гүлчө паркын иретке келтирүү максатында оңдоп түзөө иштери аткарылды. Түнкү жарыктар жаңыланып, дарбазасы оңдолуп, ширетүү иштери жүрүп, иретке келтирилди. Жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
- Алымбек датка эс алуучу жайдын ичинде түнкү жарык болбогондуктан, түрткү берүүчү (стим) грантка жалпы суммасы 3 млн 368,3 миң сомго долбоор жазылып, бүгүнкү күндө 367 даана түнкү чырак орнотулду. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн 383,3 миң сом, ал эми республикалык бюджеттен 1 млн 985 миң сом каралды.
- Таш-Короо айылы толугу менен, башкача айтканда Ош—Эркеч-Там жолунун 66 км баштап 70 км чейинки аралыкка түнкү жарык орнотуу иштери жүрүп жатат. Жалпы узундугу 3 км 510 м аралыкка. Жергиликтүү бюджеттен 2 млн 427 миң сом каралган.
- Гүлчө айылындагы №4 балдар бакчасынын эски имаратынан чыккан эски курулуш материалдарынан жана айыл өкмөтүнүн имаратынын арка жагындагы бузулган эски имараттан чыгарылган эски курулуш материалдарынан «Гүлчө Тазалык» муниципалдык ишканасына, автоунаа техникаларын токтотуу үчүн бастырма курулду. Мекеменин автоунаалары буга чейин сыртта токтотулуп, шарт болгон эмес. Мисалы автоунаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырууда, жумушчулар аба ырайы жаан»чачын учурунда сыртта алмаштырганга туура келчү. Эми ыңгайлуу шарт түзүлүп, бастырма курулуп берилди. Жумуш күчү ишканынын жумушчуларынын кол күчү менен аткарылды.
- Чакмак айылындагы Молдокулов атындагы орто мектебине интерактивдүү такта алынып берилди. Жергиликтүү бюджеттен 50,0 сом каржыланды.
- Молдокулов атындагы орто мектептин алдына козерог курулуп берилди. Себеби мектептин имаратында чоң каана жок болгондуктан, окуучуларга мектептин алдында чогулуш өткөрүлгөн учурда айрыкча жаан-чачын жааган мезгилде көйгөй жаралып келген. Эми ыңгайлуу шарт түзүлдү. Каржылоо булагы жергиликтүү бюджеттен аткарылып, 167 миң 900 сом жумшалды.
- Курманжан датка айылындагы Мадалиев негизги мектебинин ашканасына жана мектептин кире беришине окуучулар үчүн кол жуугучтар орнотулду. Окуучулардын өздүк гигиенасын сактоого шарттар түзүлдү. Жергиликтүү бюджеттен 88 миң 100 сом жумшалды.
- Жылы-Суу айылындагы Б.Аданбаева атындагы орто мектебинин спорт залынын 8 айнек терезеси, 2 эшиги заманбап пластик айнек, эшиктерге алмаштырылды жана 6 жарык (прожектор) менен жылытуу үчүн 2 даана меш коюлуп, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилген. Каржылоо булагы райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен аткарылды.
- Гүлчө айылындагы №1 М.Адышев атындагы орто мектебинин 16 даана айнек терезеси заманбап пластик айнек терезеге алмаштырылды. Мурда эски айнек терезелерден суук кирип кыш мезгилинде кааналардын ичи жылыбай келген. Бүгүнкү күндө ыңгайлуу шарт түзүлүп, пайдаланууга берилген. Жергиликтүү бюджеттен каржыланып жалпы 160 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айылындагы №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп гимназиясындагы окуучулардын коопсуздугун алдын алуу максатында 10 жерге видеокөзөмөл орнотулду. Мындан сырткары мектептин жарыктандыруу иштери аткарылды. Жалпы 40 даана лампа коюлду. Жергиликтүү бюджеттен 149 миң сом жумшалды.
- Жылы- Суу айылындагы айылдык китепкананын имаратынын ичин актоо, сырдоо, жасалгалоо иштери жана өрт өчүрүү боюнча атайын куралдар даярдалып иш аткарылды. Жергиликтүү бюджеттен 60 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айылындагы №7 балдар бакчасынын ажатканасы жок болгондуктан, мектептин ажатканасын пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө бала бакчага жаңыдан ажаткана курулуп, пайдаланууга берилди. Жергиликтүү бюджеттен 129 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айылындагы №2 Ж.Садыкова атындагы балдар бакчасына септик курулуп берилди. Каржылоо булагы жергиликтүү бюджеттен аткарылып, жалпы 100 миң сом жумшалды.
- №1 балдар бакчасынына кир жуугуч 2 даана машина алынып берилди. Каржылоо булагы жергиликтүү бюджеттен болуп, жалпы 64 миң сом жумшалды.
- Курманжан датка айылындагы №6 Балбөбөк балдар бакчасында балдар сырткы ажаткананы пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө кыш мезгилине ылайыкташтырылып, бакчанын ичине санитардык коюлуп жатат. Атайын бөлмөнүн ички оңдоо иштери аяктаган. Бүгүнкү күнгө санузел коюу иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом каралган.
- Гүлчө айылындагы №2 Ж.Садыкова атындагы жана №5 Ак ниет балдар бакчаларына 1 даанадан түстүү принтер алынып берилди. Жергиликтүү бюджеттен 95 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу социалдык обьектилердин ажатканалары толуп, балдарга кооптуу болуп калгандыктан, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеке менчик ассенизатор менен тазалоо иштери аткарылды.
- Борбордук базардагы мыйзамсыз орнотулган жана көрксүз жайгашкан көрнөк жарнактар алынды.
2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктар боюнча
- 2023-2024-жылдардагы күз- кыш мезгилине карата социалдык обьектилердин жана калктын даярдыгы боюнча жеткиликтүү иштер аткарылды. Соцобьектилерге көмүр толугу менен түшүрүлгөн. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн 560 миң сом жумшалды.
- Калкка Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2 жеринде 2,80т көмүр түшүрүлгөн. Калктын көмүргө болгон муктаждыгы жокко эсе.
Социалдык иштер боюнча
- Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы ата энесинен эрте ажыраган 5 окуучу бала жайкы эс алууга 10 күнгө Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна атайын эс алууга барып келишти. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомуна ылайык социалдык келишимдин негизинде жарандар 100 000 миң сомдон акча алышып, кичи бизнес долбоорду ишке ашырышып, үзүрүн көрүшүүдө.
Спорттук иштер боюнча
- Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Гүлчө айылынын жаш спортчулары катышышты. Спортчуларга жергиликтүү бюджеттен акчалай сыйлык берилди
- Борбордук стадиондо жаш өспүрүмдөр арасында «Достук жана биримдик» аталыштагы футболду ктурнир болуп, жеңүүчүлөр сыйланды.
- 2023-жылдын 28-30-октябрында Албания мамлекетинин Тирана шаарында өткөрүлгөн спорттун U-23 түрү боюнча Дүйнө чемпионатында Максатбек уулу Ырыскелди коло медалды багындарды. Жергиликтүү бюджеттен акчалай сыйлык берилд.
Гүлчө айылынын ички көчөлөрү, борбордук көчөлөрү, эс алуучу жайлардын ичи жана борбордук базардын айланасы толугу менен тазаланып ирээтке келтирилди. Жалпы 18 жолу ишембилик өткөрүлүп, 630 тонна таштанды чыгарылып, 450 га жер аянты тазаланды.