Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Таш-Короо айылында жарыктандыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Таш-Короо айылы толугу менен жарыктандырылат.
«Аталган айыл Улуу Жибек жолунда жайгашкандыктан бул жолдон чоң жүк ташуучу унаалар жана жеңил унаалар тынымсыз жүрүп турат. Айылда мектеп, ФАП, айылдык китепкана жана башка социалдык обьектилер бар болгондуктан жолдо жөө жүргүнчүлөр тынымсыз катташат. Түнкү чырактар пайдаланууга берилгенден кийин айрыкча мектеп окуучуларынын коопсуздугун алдын алуу бир топ жакшырат. Бул учурга чейин түнкү мезгилде кароосуз калган мал-жандыктарды автоунаалар сүзүп кеткен учурлар катталган», - деп айытлат маалыматта.
Түнкү чырактар 3 км 510 метр жерге орнотулуп жатат. Ал эми каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.