Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Гүлчө айылындагы негизги көчөдө тротуар курулуп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин Алымбек датка көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жок болгон.
«Мектеп окуучуларынын коопсуздугун алдын алуу, ыңгайлуу шарт түзүү максатында жалпы узундугу 567 метр аралыкка тротуар курулуп жатат. Тактап айтканда, №2 Ж.Садыкова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тушунан баштап Жошолу көпүрөсүнө чейинки аралыкка тротуар жасалат. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Тротуар суук түшкөнгө чейин пайдаланууга берилет», - деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштерин №959 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары техникалары менен жүргүзүүдө.