Turmush — Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл аймагында улгайган жарандарга кам көрүү боюнча бир айлык жарыяланды.
Аталган айыл өкмөттүн маалыматы боюнча, бир айлык иш-чаранын алкагында 85 жаштан жогорку 240 улгайган адамга демөөрчүлөрдүн жардамы менен ун жана азык-түлүк тапшырылды.
Аталган иш-чарага катышкан карыялар ыраазычылык билдирди. Жыйынтыгында айыл өкмөт башчысы Сүйөрбек Исаев карыяларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.