Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы «Кара алтын» мал базарына кетүүчү жолдор тегизделип жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган мал базарга кетүүчү жолдорго шагыл төгүлдү. Түшүрүлгөн шагыл №959 жол тейлөө ишканасынын техникасы менен тегизделип жатат.
Мындан сырткары Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйөрбек Исаевдин тапшырмасы менен Таш-Короо айылынын Баз жана Көл участкаларынын алыскы жайытка жана жайлоого кетүүчү жолдорун оңдоо-түзөө иштери жүрүп, 15 чакырым жол толугу менен оңдолду.