Turmush — Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл аймагынын Таш-Короо айылында таза суу тартуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Оот-Булак тилкесинен Өөн тилкесине булактан тазуу суу тартылып жатат. Жергиликтүү тургундар бул демилгени өздөрү колго алып, учурда техника чыга албаган жерлерди кол күчү менен аткарууда. Атайын арыктарды казып, суу түтүктөрүн салып, көмүп жатышат. Таза суу бир чакырым алыстыктан тартылууда.
«Кыш мезгилинде дагы тоңбойт. Себеби буга чейин да ушул эле участкадан эски Таш-Короо айылына суу тартылып, бүгүнкү күндө суу чыгып жатат. Суу булактан тартылып жаткандыктан тынымсыз агып турат. Иш аткарылып бүткөндө Өөн участкасындагы 20 кожолук таза суу менен камсыздалат», - деп айтылат маалыматта.