Turmush — Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүн Сүйөрбек Исаев 2020-жылдан тарта жетектеп келет. Бул жылдар аралыгында Гүлчө айыл өкмөтүнүн инфраструктурасы жакшырып, бир катар оңдоого муктаж болгон социалдык объекттер жаңыланды. Айыл эли таза суу менен камсыз болуп, туризм тармагына өзгөчө көңүл бурулууда.
Таза суу маселеси чечилди
- Курманжан датка айылында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында жергиликтүү бюджеттен 1 млн 600 миң сом каралып, бүгүнкү күндө калк 100 пайызга таза суу менен камсыз болду.
- Гүлчө айылындагы №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын суу насосу алмаштырылды жана мектептин таштандысы чыгарылды. Жергиликтүү бюджеттен 44 миң сом жумшалды.
Балдарга камкордук
- Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу аянтча курулду. Жергиликтүү бюджеттен 70 миң сом, ал эми райондук өнүктүрүү фондунан 250 миң сом акча каражаты каржыланды.
- №2 Ж.Садыкова атындагы бала бакчасынын санитардык түйүнү оңдоодон өткөрүлүп, балдар үчүн тайпаларга отургучтар жана идиш-аяктар алынды. Жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айылындагы №3 «Наристе» бала бакчасынын бир тайпасынын полунун эскилиги жеткендиктен алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 130 миң сом бөлүнүп, тендерге берилди.
- Гүлчө айылындагы №5 «Ак ниет» жана №7 бала бакчаларынын ашканасына тамак бышыруучу меш (печка комфорка) алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 239 миң 400 сом бөлүнүп, тендерге берилди.
- №2 Ж.Садыкова атындагы бала бакчасынын көмүрканасынын чатыры бийиктетилип жабылды. Жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом жумшалды.
- №5 «Ак ниет» бала бакчасынын имаратынын сырты толугу менен жаңыланды. Республикалык бюджеттен 2 млн 159 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 565 миң сом жумшалды.
- Курманжан датка айылындагы №6 «Бал бөбөк» бала бакчасынын эшик-терезелери заманбап желим эшик-терезелерге алмаштырылды. Жергиликтүү бюджеттен 125 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айылындагы №4 бала бакчасынынын эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу имаратты бузуп, кайрадан ордуна жаңыдан имарат куруу үчүн тендердик суммасы 15 млн 800 сомго жергиликтүү бюджеттен каржыланып, иш жүрүп жатат.
- Жылуу-Суу айылында калктын бала бакчага болгон муктаждыгын чечүү максатында ошол айылдагы Б.Аданбаева атындагы орто мектебинин пайдаланылбай турган имараттын бөлүгүнө жергиликтүү бюджеттен 1 млн 600 миң сом бөлүнүп, №39 бала бакча ачылды.
Социалдык объекттер
- Парманас атындагы орто мектебинин ичин жасалгалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 172 миң 600 сом каралып, мектептин ичи кооздолуп жасалгаланды.
- Курманжан датка айылындагы Мадалиев негизги мектебинин эшик-терезелери толугу менен заманбап желим эшик-терезелерге алмаштырылды. Жергиликтүү бюджеттен 290 миң сом жумшалды.
- №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын дааратканасынын эскилиги жеткендиктен, аны бузуп, ордуна кайрадан жаңы куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сом каралып, тендерге берилди. Жеңүүчү аныкталса иш башталат.
- Ташкороо айылындагы И.Адишов атындагы орто мектебине заманбап интерактивдүү такта жана проектор алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 79 миң 900 сом каралып, тендерге жарыя берилди.
Сел каналдар тазаланып, тротуар салынып, арыктарга лоток курулду
- Курманжан датка айылында сел каналдар тазаланды. Жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом жумшалды.
- Кырк-Күңгөй участкасындагы сел тосмолор тазаланды. Жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айылындагы борбордук базарга тратуар салуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 млн 900 миң сом каралып, иш жүрүүдө.
- Гүлчө айылынын Уманов көчөсүнө №3 «Наристе» бала бакчасынын алдына лоток коюлду. Демөөрчү тарабынан каржыланды.
- Гүлчө айылындагы «Ыр кесе» кафесинин маңдайы, Нарматов көчөсүнүн баш жагына лоток басылды. Жалпы 150 метр аралыкка. Жалпы суммасы 250 миң сом. Демөөрчү тарабынан каржыланды. Иш №959 жол тейлөө ишканасы менен бирге аткарылды.
- Жылуу-Суу айылындагы Б.Аданбаева атындагы орто мектебинин арка жагы селден кооптуу болуп жаткандыктан, ошол жерге 60 даана габион басылды. Республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы суммасы 360 миң сом акча каражаты жумшалды.
- Ташкороо айылындагы Уусаз участкасындагы жайыт тосулду. Узундугу 1200 метр аралык. Демөөрчү тарабынан 280 миң сом берилди. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 65 миң сом жумшалды.
Жаштарды дени сак жашоого тартуу
- Жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында Алымбек датка эс алуучу жайдын ичине воллейбол аянтчасынын курулуш иштери жүрүп жатат. Райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн 900 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 млн 100 миң сом каралды.
Жол оңдоо
- Гүлчө айылынын ички көчөлөрүн жамоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом жумшалды.
- Гүлчө айылындагы Дубанаев, Нооруз, Камчыбек уулу Кадырбек көчөлөрүнө жалпы 607 метр аралыкка асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бюджеттен 2 млн 997 миң 600 сом жумшалды.
- Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүнүн социалдык шаарчага кетүүчү жолго, 5 кабаттуу үйдүн арка жагындагы Набережная көчөсүнө, Алай-Жаннат жатак мектебине кетүүчү жолдорго шагыл төшөлүп түздөлдү. Жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Таза суу марафону
- 2019-жылдын 27-июлунда өткөрүлгөн «Гүлчө айылым таза суу — таза марафон» деген аталыштагы марафондон түшкөн акча каражатына долбоору даярдалып, 4 насос алынды. Жалпы суммасы — 800 миң сом.
Туризм тармагын жакшыртуу
- Туризм тармагын жакшыртып, шарт түзүүдө Сары-Ой жайлоосундагы «Раян» эс алуу борборуна баруучу жолдорду оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөтүлүүдө.

Салык, бюджет
Республикалык бюджеттен — 2 млн 259 миң 800 сом;
Жергиликтүү бюджет — 27 млн 275 миң 600 сом;
Жамаат, демөөрчүлөр — 4 млн 330,0 миң сом;
Райондук өнүктүрүү фонду — 10 млн 550,0 миң сом.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 2022-жылдын 10 айына карата бекитилип берилген план 42 млн 980 миң сомго белгиленип, 2022- жылдын 10 айына карата 47 млн 674 миң сомго аткарылып, 110,0 % түздү.
Киреше салыгы план 26 млн 979 миң 600 сом болсо, 36 млн 984 миң 700 сомго аткарылды. Себеби 2022-жылдын август айындагы көтөрүлгөн айлык акылардын киреше салыгынын негизинде кайра бөлүштүрүү фонду план 65 миң 500 сом болсо, аткарылганы — 55 миң сом.
Жер салыгы 131 миң сомго болсо, аткарылганы — 145 миң 600 сом. Автотранспорт салыгы 2 млн 127 миң сом, аткарылганы — 2 млн 130 миң сом. Бирдиктүү салык 1 млн 500 миң сом, аткарылганы — 1 млн 854 миң 800 сом.