Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 16.12.2014 16:22

Алай районунун акими Т.Сарыбашов №2 мектеп-гимназиясы жана №5 бала бакчанын кыш мезгилиндеги абалы менен таанышып чыкты (фото)

Turmush -  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Сарыбашов орун басары М.Зикиров жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Жээнбеков менен бирге бүгүн, 16-декабрда Гүлчө айылындагы Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп-гимназиясында болуп, мектептин жылуулугу менен таанышып чыкты.

Райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, район бийлиги 2014-2015-жылдарга карата кыш мезгилинде жумуштар кандай жүрүп жаткандыгын көрүү максатында кыдырышты.

Анын алкагында №2 мектеп-гимназиясынын жылытуу системаларын жана мугалимдердин окуучуларга тарбия берүүсүн көрүп чыгып, сабактарга катышты.

Мектептин мугалимдери интерактивдүү доскалар менен иштеп жатышкандыктарын айтышты. Аким мугалимдер жамаатына келе жаткан жаңы жылда ийгиликтерди каалады. Андан соң №5 бала бакчанын абалы менен таанышып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×