Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 15.12.2014 17:18

Алай районунун бийлиги бир катар бала бакчалардын жылуулугу менен таанышып чыкты (фото)

Turmush -  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Сарыбашов орун басары М.Зикиров менен 2014-2015-жылдарга карата кыш мезгилинде жумуштар кандай жүрүп жаткандыгын көрүү боюнча бир катар бала бакчаларга барып, алардын жылуулугу менен таанышып чыкты.

Алай райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Гүлчө айылындагы №1 жана №4, Курманжан Датка айылындагы «Балбөбөк» бала бакчалардан кабар алып, күн суукта кандай абалда иштеп жатышкандыктарын жана жылытуу системаларын жеринен көрүп чыкты.

Бала бакча башчылары менен алдыдагы максатар жөнүндө талкуулап, ар кандай долбоорлор менен активдүү иштөө керектигин баса белгилеп, балдарга ысык тамак берүүдө, тамактын сапаттуу берилишине көңүл буруу керектигин тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×