Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 04.12.2014 13:42

Алай районунда таза сууга арналган акция театралдык көрүнүш жана сүрөт көргөзмөсү менен улантылды (фото)

Turmush -  Алай районунда таза суу маселесине арналган атайын акциянын алкагында «Суусап ыйлайт бешиктеги бала да» аттуу көрүнүш тартууланып, «Таза сууну барктайлы, жер жашоону улантат» аттуу сүрөт көргөзмөсү менен улантылды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, мында №67 кесиптик лицей тарабынан даярдалган көргөзмөэң мыкты деп табылып, биринчи орунга, «Ак куулар сүйлөйт» деген темадагы сүрөт көргөзмөсү менен Адышев атындагы орто мекетеби 2-орунду, ал эми Кадырмамат уулу Абдразак атындагы лицей интернат 3-орунга ээ болушуп, белгиленген сыйлыктарга татыктуу болушту.

Акцияга катышкан Борбордук Азия суу Альянсынын аталган долбоор боюнча координатору Жылдыз Ысманова сөз сүйлөп, өз демилгелери менен иш алып барып жатышкан демилгелүү топтун бир топ мүчөлөрүнө белектерди тапшырды.

Акция үч күнгө созулат.

IMG_6908

IMG_6917

IMG_6924

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×