Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 29.11.2014 14:30

Алай аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Turmush -  Алай районундагы Талантбек Белекбаев жетектеген Алай аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Анын ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош областык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Асилбек Жамшитов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Таалай Зикиров, Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы Таалайбек Сарыбашов катышты.

Маалым болгондой, облус жана район жетекчиси ооруканада дарыланып жаткан бейтаптар үчүн сыналгыларды белекке тапшырды.

«Президентибиз тарабынан көрүлүп жаткан мындай камкордук ак халатчандар үчүн гана эмес жалпы элибиздин саламаттыгы үчүн көрүлүп жаткан камкордук», - деди дарыгер Болот Омошов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×