Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуАлай району 28.11.2014 10:26

Алай районунда окуучулар ВИЧ/СПИД боюнча кеңири маалымат алышууда

Turmush -  Алай районунда 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата түрдүү иш чаралар «Ноль багытында. Жаңы АИВ-инфекциясынын ноль учурлары. Ноль басмырлоо. СПИДден каза болуулар ноль» деген ураан алдында өтүп жатат.

Райондогу үй-бүлөлүк медицина борборунун алдындагы ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы Зулпия Малтабарованын маалыматына таянсак, райондогу 53 мектептин 30 жашка чейинки агай-эжейлери «Коопсуз маршруту» боюнча атайын окуудан өтүшүп, мектептерде жогорку класстын окуучуларына ВИЧ/СПИД боюнча кеңири маалыматтарды, түшүнүктөрдү беришүүдө.

Окуучулар бул тема боюнча анкеталарды толтурушуп, берилген сүрөттөрдөн аңгемелерди түзүшүп, ооруну алдын алуу боюнча кеңири маалымат алышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×