Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуАлай району 21.11.2014 10:53

Алай районунда Эркештам-Карамык жолунда жүк ташуучу автоунаанын 4 дөңгөлөгү күйдү

Turmush -  Алай районунун Сары-Могол айыл округунда Сары-Могол айылында Эркештам-Карамык жолунда «Атланта» фирмасына караштуу (мамл.ном 66-42 ZA) «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын артындагы 4 дөңгөлөгү күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 21-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен авто унаа үстүндөгү курулуш материалдар (краска, шпатл), автоунаа тетиктери күйгөн.

Өрт учурунда жүктүн жарымын сактап калышкан. Анын айдоочусу М.Н.Төрөкулов болгон.

Учурда анын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×