Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 21.11.2014 09:44

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Алай райондук комитетинин төрагалыгына А.Абдыкадыров дайындалды

Turmush -  Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Алай райондук комитетинин төрагалыгына Акылбек Абдыкадыров дайындалды. Бул тууралуу Алай районунда кечээ, 20-ноябрда өткөн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Алай райондук комитетинин 20-конференциясында маалым болду.

Делегаттар аталган комитеттин төрагасын шайлоо үчүн талапкерликке Аблаз Каримовду жана Акылбек Абдыкадыровдорду көрсөтүшкөн.

Аблаз Каримов өз кезегинде комитеттин ишин 15 жылдан бери жетектеп келе жатканын айтып, ишеним көрсөткөн делегаттарга ыраазычылык билдирүү менен өз талапкерлигин алып койду.

Жыйынтыгында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Алай райондук комитетинин төрагалыгына Акылбек Абдыкадыров бир добуштан шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×