Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 06.11.2014 11:10

Алай районунда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Алай районунда кечээ, 5-ноябрь күнү маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтанат райондук маданият үйүндө өтүп, ага Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Максатбек Зикиров катышты.

Салтанатта райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ыраимберди Жаманкулов райондо маданият тармагындагы жетишилген ийгиликтер тууралуу сөз сүйлөдү.

Раймамадминистрация башчысынын орун басары М.Зикиров маданиятты өргө тартууда эмгеги сиңген бул тармактын бир топ кызматкерлерине Алай райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталарын тапшырды.

Ушундай эле Ардак грамоталар райондук маданият бөлүмү жана Жали Жусупов жетектеген Алай музыкалуу драм театры тарабынан да тапшырылды.

Райондогу мекеме-ишкана жетекчилердин атынан райондук финансы бөлүмүнүн башчысы Замир Молдокулов, 92843 аскер бөлүктүн командиринин тарбиялык иштер боюнча орун басары, майор Улан Турдубаев жана башкалар куттуктоо сөздөрүн айтышып, белектерин тапшырышты.

Салтанатта жашы 60тан өтүп калса да чимириле бийлеген белгилүү бийчи Эсенбай Маматов республикада өткөн «Кыргыз бийи» долбоорунда 3-орунга ээ болуп, долбоор тарабынан берилген Ардак грамотаны раймамадминистрациянын орун басары Максатбек Зикиров тапшырды.

Салтанат өнөрпоздордун концерттик программасы менен улантылды.

IMG_7163

IMG_7176

IMG_7186

IMG_7194

IMG_7198

IMG_7209

IMG_7249

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×