Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 30.10.2014 12:17

Алайда быйыл кайра бөлүштүрүү жеринен ижара топтоо 418 миң сомго аткарылып, 111,5%ды түздү

Turmush -  Кайра бөлүштүрүү жеринен ижара топтоо боюнча жалпы план 375 миң 200 сом болсо, ал 418 миң сомго аткарылып, 111,5%ды түздү жана бардык айыл өкмөттөр план тапшырмасын аткарышты. Бул тууралуу Алай районун боюнча 9 айлык жыйынтыкты чыгаруучу коллегияда маалым болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 9 айында районго 651 млн 21 миң 500 сомдук инвестиция тартылды. Анын ичинен жеке турак-жайлардын эсебинен курулган үйлөрдүн суммасы 79 млн сом, айыл өкмөттөр жана мекеме, ишканалар тарабынан жалпы жумуштар 296 млн 690 миң 300 сом, насыялык союздар жана банктардын эсебинен 354 млн 331 миң 200 сомду түздү.

Маалыматка ылайык, былтыр 2013-жылы 9 айда районго жалпы 651 млн сомдук инвестиция тартылып, быйыл 2014-жылы өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 24 миң 500 сомго көп инвестиция тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×