Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 30.10.2014 12:05

Алайда быйыл 244 адамга 69 млн 184 миң 200 сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди

Turmush -  Алай районундагы бир катар дыйкандарга быйыл 10%дык насыя берилди. Бул тууралуу Алай районун боюнча 9 айлык жыйынтыкты чыгаруучу коллегияда маалым болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, быйыл өкмөттүн демилгеси менен дыйкандарга колдоо көрсөтүү максатында банктардан алай району боюнча 244 адамга 69 млн 184 миң 200 сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди.

Мындан тышкары, Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнө банк аркылуу 974 миң 800 сомго 1 трактор лизингге 5 жылдан 7 жылга чейин берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×