Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуАлай району 20.10.2014 09:21

Алайдагы Гүлчө айылында 4 жашар баланын шоктугунан 2 коңшунун 14 тоннадан ашуун чөбү күйдү

Turmush -  Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылындагы Бокоев көчөсүндө жайгашкан №129 үйдүн короосунан өрт чыгып, 80 түк чөп өрттөндү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, М.Шадыбековдун короосунан чыккан өрт кошунасынын чөбүнө өтүп, С.Сабитахуновдун короосунан 14 тонна чөп күйдү.

Маалым болгондой, М.Шадыбековдун 4 жаштагы небереси Алихан Малик уулунун от менен болгон шоктугу өрттүн келип чыгышына себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×