Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 14.10.2014 11:56

А.Келдибековдун кармалган 3 тарапташтарынын үстүнөн тергөө уланууда

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун («Ата Журт») тарапташтары Ош-Эркештам унаа жолун тосуп турган убакта бейбашчылык, өзүм билемдик кылуу менен милиция кызматкерин сабоо боюнча шектүү катары колго түшүрүлгүн 3 адам убактылуу кармоочу жайда жатат. Алар эки айга камакка алынып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүүдө.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, митинг учурунда милиция кызматкерин сабоо, бейбашчылык жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иштери козголгон.

Эске салсак, А.Келдибековдун тарапташтары аталган унаа жолду тосууга ушул жылдын 27-майында чыгышып, 1-июлда Ош—Эркештам унаа жолунун боюна тигилген боз үйлөрдүн алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×