Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 23.09.2014 10:34

Алайда маданият кызматкерлеринин тажрыйба алмашуу семинары концерттик программа менен коштолду (фото)

Turmush -  Алай районундагы маданият кызматкерлеринин тажрыйба алмашуу семинары Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө капиталдык ремонттон өткөн клубда болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Семинарга Алай районунун бардык айылдык клубдарынын башчылары, көркөм жетекчилери катышышты.

Семинарды Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ыраимберди Жаманкулов ачты. Ал өз сөзүндө, 2014-жыл Алай районунда социалдык маселелерди чечүүдөгү демилгелерди колдоо жылы, ал эми республикада мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу маданият тармагында да конкреттүү иштер болуп жатканын белгиледи.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Абдыбап Исмаилов клубдун жаңылангандыгынын урматына эл көңүлүн ачкан маданий иш-чара туура келип калганын айтып, келген коноктордун алдында сөз сүйлөдү.

«Маданият тармагына болгон колдоо муну менен эле токтоп калбайт. Дагы уланта беребиз. Анткени, билинбеген таланттардын бардыгы айылдан чыгат. Биз аларга шарт түзүшүбүз керек. Демек маданиятыбыз да айылдан башталарын унутпайлы», - деди ал.

Семинарды райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ыраимберди Жаманкулов жыйынтыктады. Райондун бардык чөлкөмүнөн келишкен клуб башчылары, көркөм жетекчилер бул күнү айылдын элине концерттик программа тартуулашты.

ctvbyfh

IMG_3280

IMG_3272

IMG_3248

IMG_3256

IMG_3268

IMG_3275

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×