Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 23.09.2014 10:25

Алай районундагы 130 орундуу Жаңы-Алай айылдык клубу демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңыланды

Turmush -  Алай районунда бир кезде малга деп жем-чөп төгүлүп, каралбай калган 130 орундуу Жаңы-Алай айылдык клубу заманбап жаңыланып, мыкты клубга айланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Бул имарат Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ыраимберди Жаманкуловдун жана айыл өкмөттүн башчысы Абдыбап Исмаиловдун демилгеси, айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен оңдоодон өткөн.

Союз мезгилинен бери каралбай калган бул клубдун капиталдык ремонту үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом акча каражаты сарпталды. Калган жетишпеген каражат демөөрчүлөрдүн эсебинен табылып, клубдун ичи сырдалып, стол, стулдар, өнөр чеберлеринин секичеси аталган сахна, анын көшөгөлөрү, көрүүчүлөр олтура турган отургучтар толугу менен жаңыланды.

клуб

клуб 2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×