Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 04.09.2014 11:42

Министр К.Талиева Алайда балдардын көркөм өнөр мектебиндеги эскилиги жеткен окуку куралдарын жаңылоону орун басарына тапшырды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда иш сапары менен жүргөн мадания, маалымат жана туризм министри Камила Талиева кечээ, 3-августта райондогу Кубаныч Дооронов жетектеген Сами Дооронов атындагы балдардын көркөм өнөр мектебинде болду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, министр менен чогуу орун басарынын бири Мукталы Бектеналиев да жүрөт.

К.Талиева балдардын көркөм өнөр мектебиндеги ар бир бөлмөгө баш багып, иш процессинин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле, бий мугалими Эсенбай Маматов үйрөтүп жаткан кичинекей бийчи кыздардын өнөрүнө күбө болду.

Мындан тышкары, ал бул жердеги окуу куралдарынын эскирип баратканын эске алып, аны жаңылоо, жетишпеген окуу куралдары боюнча иш-чараларды көрүү аракетин орун басарына дайындады.

unnamed

unnamed (1)

unnamed (2)

unnamed (3)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×