Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 25.08.2014 18:08

Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы М.Токсомбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Turmush -  Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы Мамбет Токсомбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «КРнын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна негизделип, КРнын жергиликтүү сотунун судьясы жана Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы Токсомбаев Мамбет Айдаралиевич каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2014-жылдын 8-июлунан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×