Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуАлай району 20.08.2014 11:22

Алай районунун жашоочулары уруксат кагазынын жоктугуна байланыштуу Нура айылына өтө албай жатышат

Turmush -  Алай районунун эли уруксат кагазынын жоктугуна байланыштуу Нура айылына өтө албай жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алай районунда жумушсуздуктун айынан Нура, Эркечтамга барып иштеген тургундар мурда тоскоолдуксуз өтүп келсе, эми Нурага кире бериш жердеги чек ара пунктунан уруксат кагазынын жоктугуна байланыштуу өтө албай калышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Алай районунун башкы мал доктуру Таалайбек Шерботоев алыскы Көк-Суу жайлоосундагы элдин малынан кабар алып келүү үчүн мал доктурлардын тобун жөнөткөн. Бирок, алар Нурага кире бериш жердеги чек ара пунктунан өтө албай, Сопу-Терек ашууларын ат менен ашып өтүүгө мажбур болушту.

Белгилей кетсек, тургундар Нура айылына кире бериш жердеги чек ара пунктунан өтүү үчүн уруксат кагазы ким тарабынан жана канча убакытка берилери тууралуу эч кимден жооп ала алышкан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×