Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
БаракелдеАлай району, Бишкек 15.08.2014 13:36

Караколдо жеңил авто унаа менен кичи автобус сүзүштү, жабыркагандар жок (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында бүгүн, 15-августта саат 12.00 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, Токтогул жана Алыбаков көчөлөрүнүн кесилишинде Маман-Каракол багытындагы кичи автобус менен «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү авто унаа сүзүштү.

Маалым болгондой, жол кырсыгында жабыркагандар болгон жок. Кичи автобус каттамга жаңы гана чыккандыктан ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес. Ошондой эле, унаанын ичинде да жүргүнчү жок экендиги билдирилди.

Окуя болгон жерге Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери келип, анда бираз тыгын жаралды.

IMG-20140815-WA0080

IMG-20140815-WA0081

IMG-20140815-WA0083

IMG-20140815-WA0082

IMG-20140815-WA0077

IMG-20140815-WA0075


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×