Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуАлай району 15.08.2014 11:42

Алай районунда токойлорду коргоо жана сактоо боюнчак семинар өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Алай районунда «Токойду коргоо, сактоо иштери жана жаратылышты коргоо мыйзамынын сакталышы, КРнын административдик жоопкерчилик кодексинин аткарылышы», «Мамлекеттик токой фондусунун жерлерин ижарага берүү жана пайдалануу» деген темаларды камтыган семинар болуп өттү.

Семинарга Ош обулсундагы бардык токой чарба кызматкерлери, мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарынын, жаратылыш коруктарынын жана өз алдынча баланстагы токой чарбасынын башкы токойчулары жана токойду коргоо жана сактоо боюнча инженерлери катышышты.

Семинарда Ош аймактык токой чарба башкармалыгынын орун басары Раимбек Курманалиев жетектөөчү адиси Махмуд Кошназаровдор жогоруда аталган темалар боюнча кеңири сөз козгошуп, болуп жаткан көйгөйлөргө басым жасашты.

«Семинарды өткөрүүнүн максаты ар бир токой чарба кызматкери токойду коргоо жана сактоо боюнча иш алып барышат. Ошондуктан, алар өздөрү бул тармактагы бардык мыйзамдарды, административдик кодекстерди колдоно билүүнү жана башка иш кагаздары боюнча толук маалыматка ээ болушу керек»,- дейт Р.Курманалиев.

«Бирок, айрым учурларда мындай иштерде жетишпестиктер болуп, прокуратура органдарынын текшерүү учурларында мыйзам бузулган фактылар кездешүүдө. Административдик жоопкерчилик кодекстин айрым беренелерин колдонууда токойчулар өздөрү катачылыктарга жол берип калган учурлар болууда. Бул семинар бардык маселе, көйгөйлөрдү ортого салып, кайсыл токойчунун жакшы иш тажрыйбасы болсо аны жайылтуу, ишти алдыга жылдыруу максатын койдук», деп кошумчалады орун басар.

Семинардын катышуучулары Асыранов Анарбай жетектеген Биринчи Май коругундагы питомниктер менен таанышышты.

20

21

22

23

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×