Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 12.08.2014 09:28

Алай районунда жергиликтүү тургундар 10 пайыз менен күрөөсү жок насыя алышууда

Turmush -  Алай районунун жашоочулары «Кумтөр» чакан микрокредитинен 50 миңге чейинки суммадагы насыяны 10 пайыз менен күрөөсү жок алышууда. Бул тууралуу Алай районундагы «Айыл банк» ачык акционердик коомунун насыя боюнча башкы адиси Урматбек Кудайбердиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, социалдык долбоор болуп эсептелген бул насыя айылдыктардын турмуш шартын көтөрүүдө өзүнүн чоң таасирин тийгизүүдө.

«Айылда жумуш жок болгондуктан, айрым тургундар мындай суммадагы насыя менен өзүнүн чакан бизнесин ачып, андан ары улап кеткенине шарт түзүлдү», - дейт У.Кудайбердиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×